Кыргыз мамлекети дүйнөдөгү коопсуз өлкөлөрдүн тизмесинде 124-орунда турат

"Global Peace Index" тарабынан түзүлгөн рейтингде Кыргыз Республикасы коопсуздук боюнча 163 өлкөнүн ичинен 124-орунда экени белгилүү болду. Бул маалымат "Vision of Humanity" уюмунун сайтында жарыяланган. Рейтинг "Global Peace Index" уюмунун 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн негизинде түзүлгөн.
Рейтинг өлкөлөрдүн аскер кубаттуулугу, коомчулуктун коопсуздугу жана өлкө ичиндеги туруктуулугунун көрсөтмөлөрү боюнча түзүлгөн. Рейтинг боюнча 1-орунга Исландия өлкөсү чыкса, 2-орунга Дания, 3-орунга Австрия чыккан. Америка Кошмо Штаттары 103-орунда, Орусия 151-орунда. Ал эми коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстан 109-орунда, Тажикстан 122-орунда, Кытай 120-орунда, Казакстан 75-орунда турат. Дүйнө жүзү боюнча эң кооптуу деп Сирия мамлекети табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
jumatone

09.06.2016. 13:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артка эле кетип баратабыз билбейм каяка чейин кирээрибизди?
Rifle_3

09.06.2016. 13:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jumatone, атка минерлердин ордуна нукура кыргыз , кыпгыз деп жүрөгү соккон адам келгенде алдыга жылабыз. Азырынча ушунусуна сабыр.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.