super.kg logo

"Эдил №50-СИЗОдон качты, өмүр бою эркинен ажыратылды, бирок уулум чымынды да өлтүрбөйм дечү" дейт Эдил Абдрахмановдун апасы

 

"Эдил №50-СИЗОдон качты, өмүр бою эркинен ажыратылды, бирок уулум чымынды да өлтүрбөйм дечү", - дейт Эдил Абдрахмановдун апасы Эркебүбү Абдрахманова.

Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-СИЗОдон качкан кылмышкер Эдил Абдрахмановдун апасы Эркебүбү Абдрахманова SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Эдил №50-СИЗОдо 2010-жылдан бери жатат. Баламды өмүр бою эркинен ажыратып жиберишти. Артында чырактай болгон 1 уул, 2 кызы, жубайы калды. 2010-жылы балам камалганда 24 жаштагы жигит эле.

Эдил бала кезинде абдан боорукер болчу. Жадакалса адамдар көңүл бурбаган чымынды өлтүрүүгө колу барбай, бөлмөдөн жууркандын сырты менен кууп чыкчу. Кыргыздын канында бар асыл сапат баламда да бар экенин байкагам. Ар бир адамдын колунан келе бербеген меймандос, кең пейил болчу. Үйгө бейтааныш адам келсе да жан-алы калбай киргизип, жок дегенде нан ооз тийгизип чыгарчу".

Эдил Абдрахмановдун апасы уулунун алдыга койгон максаттары жөнүндө да айтып берди: "Апа, мен шартка байланыштуу жогорку окуу жайынан окубай калдым, аскерге да барбадым. Эми мен каражат чогултуп, чоң бизнес баштаймын. Сиздерди татыктуу багып, мен жетпей калган максаттарыма балдарымды жеткирем" деп көп айтчу. Эми минтип Кудайдын жазганы болуп, өмүр бою эркиндикти эңсеп абакта жатат".

"Абактагы кызматкерлерди өлтүрүп качкан кылмышкерлердин арасында Эдил да болгон. Бирок соттук отурумда аны менен чогуу качкан Музафар Уринов айтып жатпайбы, "Эдилдин колуна балка берип, абактын күзөтчүсүн өлтүр десе боору ооруп өлтүрбөй койгон" деп. Ошондон улам "бала кездеги боорукердик сапаты азыркыга чейин сакталып калган турбайбы" деп ойлоп калдым. Эдилдин дагы бир айтканы бар, "Мен күнөөсүз камалып кеттим. Тагдырга жазганы ушул экен, апа, кейибеңиз" деп.
Улуу балам жүрөк оорусунан каза болуп, Эдилим минтип өмүр бою темир тор артында калды. Эч бир эне мендей болуп армандап, жүрөгү сыздабасын", - деп кошумчалады Эркебүбү Абдрахманова.






СИЗОдон качып кеткен, өмүр бою эркинен ажыратылган Абдрахмановдун апасы Эркебүбү эже баласы тууралуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
09.06.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Байкуш Эне учун балага болгон меерим чексиз. Кейибениз бул жалган дунуйо убактылуу. Акыретде Аллахтын алдында билинет ким куноолу ким ак экени!!!
09.06.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чон саясат жатат бул жерде. Азыркы бийликтеги чондордун кобунун убагында кылган кылмыштарын, ушул байкуштар моюнуна алып куноосуз жаза тартып отургандай.
09.06.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмнеге камалып кеткен экен озу бул бала
09.06.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт"
09.06.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо...
09.06.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Озу эмне учун камалган экен омур бою кенен малымат болушсонор супер???
09.06.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнегедир ушулар "бийликтин" бир оюнунун туткундары болду деген эле ой келет...
10.06.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Карга да баласын аппагым дейт, азыр эмес, мурда баласынын камын көрүш керек эле, туура тарбия берип.
Медиа-портал
10.06.2016. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал баланы бироо азгырганго анда,бирок коргом бир видеосун,автоматы корсотуп кантип чачып кантип жыйганды корсотуп берген видеосун,
10.06.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз башы озундо да жон эле журсо ага ким эле сакалды чаптап арасына суйроптурбу андай акылдуу болсо качкан кунунун эртеси барбайбы кайра мени кыйнап качырышты деп туштон кийин ак элем так элем дебей оной акчага кызыкканда булардын баары акча учун жургондор тетиги сириядагы айбандардын баары акча учун журот кудай учун журом дегени жон гана шылтоо болбосо эмне Кыргызстанда кудайга сыйынганга биро каршы болуп жатыптырбы.
11.06.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бала 2010 жылы дворец спортаны жардырган деп кармашкан.Кармоо маалында дагы каршылык коргозуп атышып ошондо бир козунон айрылган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: