super.kg logo

Ош шаарына светодиоддук электр чырактары орнотулууда

 

Кечээ, 8-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте калаага светодиоддук электр чырактарын орнотуу иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

“Шаарсвет” Ош электр жарык тармактар ишканасына 3 миңден ашуун электр энергиясын үнөмдөөчү, башкача айтканда, светодиоддук электр лампалар алынып келинип, учурда алардын 2850 даанасы шаардын негизги көчөлөрүнө орнотулду. Алмаштырылган эски үлгүдөгү лампалар шаардын жарыктандырылбаган экинчи көчөлөргө орнотулат.

"Жаңы алынып келинген светодиоддук лампалар эски үлгүдөгү чырактарга караганда 3,5 эсе электр энергиясын үнөмдөйт. Буга чейин шаарды түнкү жарык менен камсыз кылуу үчүн болжол менен жылына 14 миллион сом акча каражатын жумшаган болсок, жаңы электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды колдонуу менен жылына 4 миллион сом акча каражатын жумшап калабыз. Светодиоддук электр лампаларды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлүп, жалпы тендердик баасы 43 миллион 600 миң сомду түздү. Шаарды түнкү жарыктандыруу менен камсыз кылуу - бул тургундардын коопсуздугун сактоо. Ошондуктан 2017-жылы шаардагы жайгашкан бардык 640 көп кабаттуу үйдүн айланасы да толугу менен жарыктандырылат”, - деп билдирди мэр.

Шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, светодиоддук электр лампаларынын кепилдиги 5 жыл, кызмат кылуу мөөнөтү 15 жылга чейин, түнкүсүн ак түстө болуп жанат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
09.06.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакшы өзгөртүү болуп жатат,Мээрянын астындагы Лениндин эстелигин алып анын оордуна Кыргыздын чыгаан инсандардын койуп койсо болмок.
09.06.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azizbek.kg8,Ленинди алып салса сенин туугандарынды Россияга киргизбей коет.Сен барсан сени...
09.06.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баары бир Мырзакматовго жетпейт. Андан коро оо копуронун жарака кеткен жерлерине башында оорут, эптеп-септемей нерселер менен элди алдай бербей.
09.06.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онуго бер Ош шаары
09.06.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озбектер шагырайтко
10.06.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жоролго,эконом болуптур.
10.06.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан онуго берсин.
10.06.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа азаматтар жакшы жоролго болуп жатат. Мурунку лампалар 500 ваттын тегерегинде болсо булар ар биринде 3 лампа ар бир лампасы 50ваттан ток жейт.Жалпысынан 150 ватт.Жана жарыгы да андан бир кыйла жарык. Кызыккандар болсо алып уйго короого коюп койсо жакшы.Баасы жогорураак бирок иштоо моонотун жана экономдуулугун эске алганда мурункуга караганда жакшы. Мен да айылга 3 жерге койгом. Кундузгудой жарык берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: