super.kg logo

Ат-Башы районунда суунун көлөмдүү агымы суу тосуучу дамбаларды жырып кетүү коркунучун жаратууда (фото)

 

Бүгүн, 9-июнда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башы районундагы суу тосуучу дамбалардын абалын карап чыкты. Акыркы күндөрү күндүн ысышы менен суунун көлөмү чоңоюп, дамбаларды жырып кетүү коркунучун жаратууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облустагы Коргонуу кеңешинин мүчөлөрү менен жолуккан учурда Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеев суунун ылдамдыгы секундасына 130-150 метр кубга чейин жетип жатканын айтты.

Ак-Муз айыл аймагына караштуу Өмүке жана Малатай каналдарынын жээктери желип, 50 метрге чукул аралыктагы жолдун ортосу түшүп кеткен. Ага тушташ сайдын жээгиндеги 35 киловольттук үч зым карагайдын кулап кетүү коркунучу бар. Алардын ордун которуу зарылчылыгы боюнча "Чыгыш электр" ишканасынын башкы жетекчилигине билдирүү жиберүүнү облус башчы буюрду.

Учурда Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын 10 техникасы жана 2 бригадасындагы 38 адам аталган каналдардын жээгине 150 габиондук тор коюп жатат. Коркунуч туудурган аймактарга дагы 600 габиондук тор керектелерин адистер билдиришти.

Андан соң дубан башчы тиешелүү мекеме жетекчилери менен Ат-Башы айылынын тушундагы дарыянын жээгине барды. Суунун көлөмү чоңойгондуктан, айыл четиндеги 10дон ашык үйдү суу каптап кетүү коркунучу бар. Сууну бөгөп калуу үчүн 16 техника менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирге жергиликтүү жаштар топурак жана шагыл төгүп дамбаларды бийиктетүү аракетин көрүшүүдө.

А.Кайыпов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы Токтобек Шонкоевге аткарылып жаткан иштерге керектелүүчү 1 тонна күйүүчү май берүүнү тапшырды. Мындан сырткары тиешелүү мекеме жетекчилерине суунун көлөмү көбөйүп кеткиче 2-3 күн аралыгында түнкүсүн дагы иштеп дамбаны бекемдөөнү милдеттендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
09.06.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
8чи суроттогу суу башкача экен
09.06.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
new_hacker,сегизинчи суротто булак суусу дарыяга кошулган жери.Тунук суу менен ылай суу бириккен жери.
09.06.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суунун кобойгону жакшы бирок сууну сатып жиберишкени жаман да
new_hacker түзөттү 2016-06-09 19:43:56
09.06.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайга шүгүр бизде суу мол.ошол сууларды пайдалуу жакка жумшап иште алышпагындыгы бүгүнкү бийликтин сокурдугу.
09.06.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу жыл жаман нымдуу болду башка жылдарга караганда эми кышта жаман суук болсо керек
.
09.06.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushintip mongulor kalbai kalbasyn kudai sakta
10.06.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бут жерде суу ташып атса токтогул эле толбой койду чондордун чонтогундой болуп
10.06.2016. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вай СуббаханАллах, суунун көбөйгөнүн! Тезираак кыймылдашпаса үлгүрбөй калышы да мүмкүн.
10.06.2016. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сегизинчи суроттогу булак суу ошончо коп агат экенби ээ
10.06.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazmirjaz, андан дачондору бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: