Нарын шаарынын борбордук аянтына мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели тургузулат
Тарых жана маданият жылынын алкагында учурда Нарын шаардык борбордук аянтында толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, мамлекеттин түптөлүшүнө чоң салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин айкелин тургузуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда кабарлады.
Эсиңиздерге салсак, 2014-жылы Нарын шаардык кеңешинин токтому менен шаардын борбордук аянтына Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылган.
Белгилүү саясий-коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында жарык дүйнөгө келген. Ал 24 жыл 5 ай 24 күн Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Бүткүл союздук рекорд койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.