super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мен адистигим боюнча кеңсе башкаруучусумун, бирок азыр дүкөндө кампа башчысы болуп иштейм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз кайсы кесиптин ээсисиз, айлыгыңыз канча?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кесибим боюнча мугалиммин, бирок андан кутула албай жүрөм. Дагы бир кесибим - оператор, бугумду бир гана видеокамерадан чыгара алам. Режиссёр болгонго даярдыктамын".

"Мен тилдерди үйрөнгөндү абдан жакшы көрүп, биринчи котормочу адистигине ээ болдум. Көп тил үйрөндүм. Дүйнөнү кыдырсам деген ниет менен тилдерди үйрөндүм. Тил билүү аздык кылат экен, ошол себептен финансист адистигин да алдым. Эми жакшы жумуш табылар деп ойлойм".

"Мен азыр түркология бөлүмүндө окуйм, бирок кичинемден бери адвокат болгум келет. Анткени кыргыз өлкөсүндө коррупцияга малынган соттордун айынан канчалаган бейкүнөө адамдар түрмөдө отурушат. Абакка түшкөндөрдүн 10 пайызы гана оңолуп же мурунку адамдык касиетин сактап чыкпаса, калган 90 пайызы кылмышкер же оорулуу болуп чыгышат".
"Келечекте элчиликтерде иштегим келет. Кытай жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн дипломат болууну кыялданам. Максатымды ишке ашыруу үчүн талыкпай окуп жатам. Балким, келечекте дипломат болуп жүрүп саясатчы дагы болуп калармын".
"Мен мурда тиш дарыгери болгум келчү, тилекке каршы, ал адистикке окуган жокмун. Диплом боюнча кеңсе башкаруучусумун, бирок азыр дүкөндө кампа башчысы болуп иштейм. Маркетолог болгум келет, быйыл коомчулук менен байланыш бөлүмүнө тапшырганы жатам, келечекте мугалим болом деген ниетим бар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.06.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен филология факультетин бутком. Универде мугалимдер парта стол ташыта берчу. Ошондо эле билишсе керек,азыр складда грузчики болуп иштейм))
10.06.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош Мамлекеттик Социалдык коллежинин (ОшКУУ) (Индустриалдык коллеж) Техник-оператор адистигин бутургом,, 2012-ж кайра эле жогоркусуна тапшырып Экономист-бухгалтер кесибине ээ болдум. 9ай иштедим кесибим б.ча кассир-бухгалтер болуп, анан да компьютер боюнча да бутконумо окунбоймун, себеби жумушта комп боюнча эч убакта кыйналбадым,9-кл бутуп тапшырганымдын дагы бир артыкчылыгы ушул экен.
Ата-энеме терен ыраазымын, анткени жаркын жашоого шарт тузуп берди, Кудайга шугур, дипломум бар.
Sagyn.91 түзөттү 2016-06-10 12:39:50
10.06.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кесибим программист. Быйыл бутуром. Жакшы жерден жумуш тапсам деп ойлойм. Бирок коп эле жерде жаны буиургондорду ала беришпейт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: