super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-ИЮНЬ: Мындан 6 жыл мурун Ош шаарында жаштар тобунун арасында жаңжал чыгып, кандуу Июнь окуясы башталган

 

Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы 10-июнда саат 22:00 чамасында Ош шаарынын “Алай” мейманканасынын жанында жаштар тобунун арасында жаңжал чыккан. Ошол замат агрессивдүү маанайдагы жаштар топтоло баштаган. Алардын колунда арматура, жыгач таяк жана курал болгон. Жаштардын тобу эки улуттун тирешүүсү үчүн туш келген адамдарды, мейли өзбекпи, мейли кыргызбы, атып, мекемелердин имаратына жана үйлөргө өрт койгон. Милиция кызматкерлеринин жана окуяга күбө болгон адамдардын айтымында, топту тишине чейин куралданган 5-6 адам жетектеген. Алардын артында 30-50дөй арматура жана жыгач таяк көтөргөндөр жүрүшкөн. Ошондой эле бул топтун ичинде снайперлер да болгон.

Бир эле учурда эл арасында “өзбектер атып жатышат, кыргыздар өлтүрүп жатышат” деп таратылган жалган маалыматтар эки улуттун ортосундагы жаңжалдын уланышына себепкер болуп калган. 11-июнда саат 02:00дө Убактылуу өкмөт өзгөчө кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизген. Ошол эле күнү саат 04:00дө шаардагы "Фрунзе" базарына жакын жерде өрт, мародёрлук башталган. Өзбек улутундагылар көп жашаган айылдардагы жашоочулар борбордук көчөнү бууп алышкан.
Бул жаңжал жүздөгөн кишинин өмүрүн алып кеткен улуттар аралык кагылышка алып келген.

10-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
10.06.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым озун сакта андай кундон элибизди.Мындан ары элибизде тынчтык жана ынтымак болсун.
10.06.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ош окуясын эстегим да келбейт ,ото жаман болгон
10.06.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаштар дебей, эл бузар акмактар деш керек эле, жаштарга айланбай.
10.06.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
bazar, Anarbek58, далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүү калтырууга тыюу салынат! 5 күн БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-10 13:10:08
10.06.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
tairbek., далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүү калтырууга тыюу салынат! Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАН!
10.06.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыныр иш кырк жылда билинет ошондо кунолулор жаман болот
10.06.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бийлик шалаакы болсо он жылдан кийин дагы болот
10.06.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кайдагы жаштар, не акты ак , кокту кок дебейсинер. Ошондо колго тушкон снайперлер кайда?
10.06.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
NURSAPAR, суроого 1000% кошулам ошолор кайда чындап? Кубатбек Байболов снайперлерди кармадык деп жатпады беле?
10.06.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайдагы жаштар?жаш болсода кыргыздар баштаган эмес ,бурмалабай туура айтыш керек тарыхты .
10.06.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайрылуулар СуперИнфо редакциясына болушу керек го бирок канчалык туура кабыл алат белгисиз. Анткени макалада чындык бурмаланып берилген. Бул уруш жаштардын болбогон жанжалынан тутанган эмес. Озбек улутунун Батыров сыяктуу лидерлери Мамлекет алсыз убагында Ош-Жалалабатты Кыргызстандан болуп алууну самашкан. Алардын элге кайрылууларында "биз бул кунду ото коп куттук, ошол убакыт келди" деген жерлери бар. Экинчиден озбек улуту бул урушка алдын ала тымызын даярданган...
10.06.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урушка тымызын даярданып жатканынан кабар тапкан СНБ жетекчилиги "убактылуулардын" жетекчиси Отунбаевага 11 жолу кат жолдоп, Отунбаева чара коргон эмес. Озбек улутунун согушка алдын ала даярдык коргонун тополондон кийин озбек айылдарын (махалла) тинтуудо табылган ири олчомдо курал-жарак, ок-дарылар, брондолуп ок отпос КаМАЗ, озбек айылдарында уйдордун чатырларына урушка чейин эле жазылган SOS жазуулары ж.б. далил боло алат. Бул уруш ото кымбатка тушту.
10.06.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул урушка тарых баасын бере элек, негизги кунолуулор жазалана элек... Бийлик, байлык жолунда жуздогон жазыксыз адамдар курман болушту... Ошол Ош коогаланын уюштургандар жана аларга жол бергендер бул дуйнодо болбосо аркы дуйнодо сурак берип жазасын алат деп ишенем....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: