super.kg logo

СУПЕРСТАН: "4" алганыма ыраазы болуп, пара берген эмесмин"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акчага айланган окуу жайлар" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жумушта отурсам жогорку окуу жайда окуган кичүү иним келип, зачётторун бүтүргөнгө акча керек экенин айтып калды. "Мугалимге акча бергиче мээңди колдонбойсуңбу?!" десем, "азыр кандай окусаң да баары бир зачёттон кулатканга шылтоо табат" дейт. Буга мен ишенгим келбейт, анткени мугалимдин берген тапшырмасын так аткарсаң, сени кулатканга акысы да жок. Азыркы учурда өлкө боюнча даярдалып жаткан кадрлардын дээрлик 20-30 пайызы гана сапат талабына жооп бере алат".

"Акча бербей эле окууну бүтсө болот. Болбосо мен азыр кайра эле окуп жүрмөкмүн. Акча бербесең да тырышкан окутуучулар жок эмес. Албетте, ар кимдин өзүнүн талылуу жери болот. Дал ошол жеринен кармаш керек. Эсимде, бир мугалим студенттин баарынан акча алып, менден ала албай койгон, анткени анын тапшырмасын аткарып жүрүп акыры анын үмүтүн үзгөм. Электроника деген сабактан да ошондой агай болчу. Өзү жакшы түшүндүрбөйт, анан элден 500 сомдон чогултуп жатканда сутенттердин баары беришкен. Мен "4" алганыма ыраазы болуп, бербей кутулгам".

"Мага бир кезде агайдын айткан сөзү эске түштү. Жогорку математикадан сынак берип, эсебин чыгара албай койгом. Ошондо "чыгара албасаң вышматты, анда сом чыгар" деп айтып жатпайбы".

"Акчасыз эле бүтүрсө болот деп ойлойм. Эгер студенттин өзүнүн кемчиликтери болбосо, лекцияларга катышып, семинарларда кол көтөрүп турса, кайсы мугалим баа койбосун? Мен акчасыз эле окугам, болгондо да автомат алыш үчүн аракет кылчумун. Ал эми иним окуусун көбүнчө акча менен бүтүрчү, ошондо "Мугалимиңер кантип уялбай акча сурайт?" дечү элем. Иним "мугалимге зачёт же экзаменге кирип калсаң, акырын кагазга суммасын жазып коёт" деп күлчү".

"Студент күнөөлүү. Билимине ишенген адам мугалим акча сураса да, билимин далилдеп, арызданып, мугалимдин өзүн уят кылышы керек. Азыркы студенттер өздөрү мугалимдин аркасынан акчасын көтөрүп алып чуркашат. Муну жалкоолук, даяр оокат деп айтмакмын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
10.06.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окубайбы берсин акчасын, мугалимди да убара кылышат студенттер, 4-5 параларда качышат. Зачетко чеин айтышат мугалимдер ээй окугула деп.
гр староства элем, жинге тийген группалаштардан 50-100 с чеин ашыкча алат элем да калганын мугалимге берип баасын койдуруп берет элем.. За то мээнет кылып кийинкисинде окушат да.
10.06.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KAPTA,
Биздин мектепте бир мугалим бар эле
Экзаменге келгенде окучуларга алдын ала же окуп кегиле же ошол куну акчанды ала кел дейт окубагандар ала барышат
Tansuluu09 түзөттү 2016-06-10 17:05:38
10.06.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пара берип алган 5тен оз башын менен алган 3 ойдо да.
10.06.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студенттердин баары эле куноолу эмес! Мен 2курсту буткончо озум окуп жанталаштым. 3курста сонун маанай менен барып окуюн десен мугалимдер жок,парада сабак отпой эле телефон менен суйлошуп отура беришчи, же отуруп тургула азыр келем дейт да жок болуп кетет. анан откон темасы жок,уйроткон билими жок эле модуль келгенде эле тим эле окутуп коюшкандай билим талап кылышканда куйбогон жерин кул болот. Мен бергем! Акча берип эле бутургом.
11.06.2016. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен пара берген да, бербей башымды иштеткен да кундорум болгон. Негизи беш кол тен эмес дегендей аракет кылганымды баалаган да, баалабаган да мугалимдерим бар эле.
11.06.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз окуп жургондо билген билбегендин баарынан т.а группабыздын баарын алган...жооп берем десен суйрогондоручу?!бул куну кел дейт барсан башка корпустамын...эртен кел дейт кыскасы эптеп акча алыш керек да!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: