super.kg logo

Ош окуясында каза болгондор эскерилди (фото)

 

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында 2010-жылдагы Июнь окуясынан каза тапкандар эскерилди. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, шаардык жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, Июнь окуясынан жабыркагандар, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, митинг-реквиемде “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине
гүлчамбарлар коюлуп, улуттар аралык тынчтыктын, ынтымактын символу болгон “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.

Эскерүү иш-чарасында Замирбек Аскаров 2010-жылы жеке кызыкчылыгы бар жактардын сөзүнө кирип араздашкан эки элдин мамилеси бүгүн мурдагы калыбына келип, ынтымак-ырашкердик менен чогуу жашап жатканын белгиледи.

Аны менен катар бийлик өкүлдөрү “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине, Ош окуясында каза болгондордун үйлөрүнө барып куран окутушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.06.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Artyr1994, суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.06.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
байкуш эжекелер..баары эле кыргыздар отурат.
10.06.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул окуя боюнча эч бир катуу жаза же башка нерсе кылбады окмот кайра кайталанбагыдай кылып.
10.06.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эч качан кайталанбасын улутар аралык ынтымакта бололу ылайым жамандыктан пайда жок, козу откондордун жайы. Жанатан болсун топурагы торко болсун.!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: