super.kg logo

Шаар мэри Албек Ибраимов: "Жол тыгынын болтурбоо үчүн коомдук унааларды көбөйтүү керек"

 

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 100 күндө жасаган иштери боюнча журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Анда шаар мэри Бишкек шаарындагы коомдук унаалар, мыйзамсыз курулуштар жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Алгач эле "Шаарда унаалардын, коомдук унаалардын көптүгүнөн жол тыгындары жаралып жатат. Буга кандай чара көрүү керек?" деген суроо узатылды. "Негизги унаа жолдорун жана коомдук унааларды көбөйтүү керек. Азыр ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Ушул жылдын акырына чейин троллейбустарды алып келүүбүз шарт. Дагы кошумча автобустарды алып келүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп жооп берди.

"Дыйкан" базарын башка жакка көчүрүү, шаардын сыртына чыгаруу боюнча суроого: "Ооба, болот, бирок түрдүү карама-каршылыктар жаралууда. Соодагерлер да ыңгайлуу жерде соода кылгылары келишет. Андыктан ал жактагы сатуучулар жана колдонуучулар үчүн шарт түзүү керек. Азыр базарды кайсы жерге көчүрүү керектигин тактап, чечип жатабыз. Бул маселени жакын арада чечүүгө аракет кылабыз", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.06.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракет кылабыз, аракет кылабыз, жакында болот. Ана болот мына болот ошентип журуп 2030 жыл болот
10.06.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тема: Кылган иштери десе эмнени кыйратып жиберди десем али баштай элек экенго.
13.06.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boika45, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: