super.kg logo
  Саясат  

"Мода жумалыгы-2013" аттуу көргөзмөнүн өтпөй калышын Жогорку Кеңеште депутаттар айтып чыгышты

 

Белгилүү болгондой, 3-апрелде Бишкекте өтүүчү  “Мода жумалыгы-2013" аттуу кийимдер көргөзмөсү өтпөй калган. Буга аталган иш-чара өтүүчү Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын директорунун иштен бошотулушу жана кызматтан түшкөн жетекчинин айрым өзүнө тийиштүү жабдыктарын театрдан көтөрүп кеткени себеп болгон. Бул маселе бүгүн, 4-апрелде ЖКнын жыйынында көтөрүлдү. Депутат Роза Акназарова бул көйгөйдү чечип берүүнү өкмөттөн өтүндү. “Тигүүчүлөргө эмнеге мындай мамиле болот, аларды колдош керек. Бул мода жумалыгы бүгүн да өтпөй калуу коркунучунда. Ал эми кыргыз драма театры бошобой жатыптыр, филармониянын ижара акысы кымбат экен, бул иш-чараны өткөрүүгө жардам бериңиздер”,- деди Акназарова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: