Эркингүл Иманкожоева: "Ысык-Көлдө табылган баалуу ташты жергиликтүү бийлик кайтарууда"
Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева Ысык-Көл облусундагы Чоң-Кызыл-Суу айылынан нефрит ташы жайгашкан аймак табылганын билдирди. Анын айтымында, учурда ал жер жергиликтүү бийлик тарабынан кайтарууга алынды. “Бул алтындан да баалуу таш. Ал жерге жеке компаниядан өкүлдөр барышып, ташты казып кетүү аракетин көрүп жатышканы белгилүү болду. Тезирээк изилдөөчүлөрдү жиберип, тиешелүү чараларды кабыл алуу керек. Эгер бул жайды ишке киргизсек бюджетке көп киреше түшөт”,- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

