"Манас" эпосу венгер тилинде жарыкка чыкты

"Манас" эпосу венгер тилине которулуп, атайын китеп болуп басылып чыкты. Будапешт шаарында китептин бет ачар аземи өттү. Иш-чарага Венгрияда расмий иш сапары менен жүргөн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар жана Венгрия Илимдер академиясынын окумуштуулары катышканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 10-июнда билдирди.
Буга чейин венгер тилинде "Манас" эпосунан үзүндүлөр гана жарык көргөн. Котормочу, окумуштуу, түрколог, этнограф Давид Шомфаи Каранын айтымында, бул жолу Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы "Манас" эпосунун кыскартылган варианты которулган. Ал "Манас" эпосун изилдеп, кыргыз мамлекетине көп келгендиктен, кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн.
Венгер тилиндеги "Манас" эпосу 500 нускада басылганы, жакын арада китептин нускасы мындан дагы көбөйтүлө турганы белгилүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз эли улуу "Манас" эпосу менен сыймыктанарын айткан төрага Чыныбай Турсунбеков венгер элинин мыкты уулдарынын ушундай эмгектеринин аркасында руханий байланыштар кайра уланганын белгиледи. Ал китепти чыгарууга көмөктөшкөн Венгриянын парламентинин мурдагы депутаты Ференц Попчак менен котормочу Давид Шомфаи Карага ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.

Университеттен бир агай айтты эле: "Манасты" ар ким талашкан учурлар болгон, өзүнө таандык кылгысы келип, анын ичинде казактар да бар экен. Кайсы бир жыйында М.Ауэзов "кана, казагым, кимиң "Манас" айта аласың, барбы, айткылачы..." дегенде эч ким унчуга албай калыптыр, анткени айта албайт да, анткени ал кыргызга гана таандык, кыргыздыкы гана да. Ошондон кийин бул маселеге чекит коюлган" деп.