super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эркектердин баары эмес, бирок көзүн бир май басып кайра өздөрүнө келишет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келинчеги билүүсү шартпы?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Аялы бар туруп, башка, өзүнөн улуу аял менен никелешип, аны боюнда кылып койгон таанышым тууралуу билип калдым. Болбосо ал таанышымдын өз аялынын да боюнда бар. Ал кайын журтун сыйлаган, жолдошун урматтай билген, бардык нерсени мыкты жасаган келин. Экөөнүн түтүн булатканына 6-7 жылдын жүзү болду, 5 жаштагы уулу бар. Менин ал келин менен мамилем жакшы. Эми кандай кыларымды билбей калдым".

"Айтыш керек. Чындыкты жашыруу жакшы жолго алып барбайт. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат. Ар ким кылган күнөөсү үчүн өз жазасын алышы керек".

"Кош бойлуу болсо кооптуу го. Төрөп алган соӊ айтсаңыз кантет? Балким, күйөөӊүзгө айтып, ал аркылуу тиги күйөөсүнө айттырсаңызчы... Балким, таанышыӊыз эсине келип мамилесин токтотор. Алардын мамилеси токтотулса, жубайынын кабарсыз калганы эле жакшы".

"Мына сага. Эркектер бат эле азгырылып кетишеби? Жолугуп, ал-абалын сураштырып, акырын, жумшагыраак кылып баштап көрсөӊүз болот го. Кийин укса, билип туруп эмнеге айтып койгон эмессиз деп капа болуп жүрбөсүн. Кеч боло электе айтыӊыз".

"Эркектердин баары эмес, бирок көзүн бир май басып кайра өздөрүнө келишет. Ошол убакта үй-бүлө, ата-эне, балдары да көзүнө көрүнбөй калат. Бир канча убактан кийин "өз үйүм - өлөң төшөгүм" деп калышат. Бирок ошол убакытка чейин канча адамды кайгыга салганын ойлоп да коюшпайт. Эгер аял киши сабырдуу болсо жеӊет экен. Сабырсыз болсо эркекке эрегишип жүрүп үй-бүлөсүн самандай сапырып алып, кийин балдары атасыз өсүп, өзү миӊ бай жашап жатса дагы аттиӊ кылат экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
11.06.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абайланыз уйбуло баа жеткис Бакыт.
12.06.2016. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул аялдардын акылдуулугу жакпайт да магачы,ордуңарды билип жүрсөңөрчү.
12.06.2016. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай мееси жок еркек тер кооп да азыркы заман да андай дейин десен аялдар бар акча болсо ачып берген. эркектер козу ачылып озуно келген де баары кеч болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: