super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Чачты майлуулуктан же өтө кургактыктан сактап туруу керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чачты кантип өстүрсө болот?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менин чачым белимден ылдый болчу. 2-классымдан бери өстүргөм. Башым ооруп оорлошо бергенинен бир аз кыскартайын дегем, бирок жакшы эле кыркып салыптыр. Эми кандай жолдор менен кайра өстүрсөм болот? Кеӊешиңерди күтөм".

"16-кылымда орус эли кадимки чалкандын суусун чачка пайдаланчу экен. 1 аш кашык кургатылган чөпкө кайнак суу куюп, караӊгы жайга 1 саат коюп, кийин сүзүп алат. Аны чачтын түбүнө улам сүртүп турат, бирок сүлгү менен кургатпайт, сиӊип кетиши керек. Бул чачтын түбүн бекитет, өстүрөт жана какачын жоготот. Кастор майы дагы өскөнгө жардам берет, аны дарыканадан сатып алса болот".

"Өз эне жана өгөй эне чөбүнүн (мать и мачеха) кайнатмасы дагы чач өстүрүүдө абдан жакшы натыйжа берет".

"Организмдин өсүшүнө карап чач да өсө берет. Ал эмне картошкабы чаап, сугарып, отоп тургудай? Жөн гана туура өсүшүнө кам көрүү керек. Чачты майлуулуктан же өтө кургактыктан сактап туруу кажет. Көп боёбой, жылуу сууга убагында жууп туруу керек, кээде өтө ысык же муздагыраак суу чач терисин бузуп салышы мүмкүн. Жогорудагылар айткандай, чалкан - чач үчүн эӊ пайдалуу азык. Эки жумада бир жолу уксус кошулган сууга да чайкаса, чачты жумшартып, жалтыратып коёт".

"Кээде витаминдерди да ичип турса болот, аялдар үчүн атайын бир гана чачтын өсүшүнүн сапатын жакшыртпастан, жүз терисине, тырмактарына да пайдалуу. Муну мен медициналык көз карашта айтып койдум".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.06.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жашым 26 да чачым түшүп жатат бираз таз боло баштадым себеби эмнеде?
12.06.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин чачым дагы аябай тушот, коп жолдорду колдонуп кордум такыр эле токтобой эле тушуп жатат баскан турган жерлеримдин баарына
12.06.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял киши балалуу болуп баласы талпынып калганда чач аябай тушот экен ,анан да ор-де темир жетпегенде ал учун алма,ашкабак ,чеснок ,сабиз сарысынан жеп туруу керек ,мункун болсо кээде кыргычтан суруп суртуп койсо да болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: