Москвада каракчылык кылган кыргыз жараны кармалды
Москва шаарында каракчылык кылмышы боюнча шектелип 2 жаран кармалды. Алар Кыргызстандын 22 жаштагы атуулу Дастан Аскаров жана 20 жаштагы өзбек жараны Отамурад Гапаров. Кармалган жарандар Орусиянын борбор шаарында бир саат аралыгында 3 адамга кол салып, коркутуу жолу менен баалуу буюмдарын тартып алгандыгы үчүн күнөөлөнүүдө. Учурда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын аталган өлкөнүн ММКлары жарыялашты. Кылмышка шектүүлөрдүн Орусияга барганына 1 ай болгону да айтылды.
1. Дастан Аскаров (сол жакта)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Сизге эскертүү!
Улутуна, динине жараша жана аймактык бөлүп жарууга тыюу салынат!