super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ИЮНЬ: Мындан 5 жыл мурун мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Насыр Давлесов каза болгон

 
Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы 12-июнда Кыргыз Эл артисти, дирижёр жана композитор Насыр Давлесов 83 жашка караган курагында узак оорудан улам көз жумган. Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси, профессор, мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Насыр Давлесовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июнда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өтүп, маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Насыр Давлесов 1929-жылы Кемин районунун Кара-Булак айылында туулган. Москва консерваториясын опера-симфониялык дирижёрдук адистиги боюнча профессор А.П.Чугуновдун классынан бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин дирижёру, Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын дирижёру, Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун директору болуп иштеген. "Евгений Онегин", "Олжобай менен Кишимжан" операларын, "Спартак" балетин койгон. Солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн кантаталар, эл аспаптар үчүн сюиталар, музыкалык комедияларды, оркестр үчүн марштар, күүлөр, сүйүү жана патриоттук-музыкалык темадагы ырлар, романстар, хорлор, аспаптык пьесалар, балдар үчүн ырларды, кино жана циркке музыка жазган.

Насыр Давлесов - Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери. Ал Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: