super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-ИЮНЬ: Мындан 163 жыл мурун орус бийлиги Ормон хандын элин Орусия империясынын курамына алуу үчүн болгон аракетин жасагандыгы ачык байкалган

 

Орус бийлиги Ормон хандын элин Орусия империясынын курамына алуу үчүн болгон аракетин жасагандыгы ачык байкалган. Казактардын Чоң ордо приставы, майор Перемышльскийге жолдонгон катта кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасоо зарылчылыгы белгиленет. Керектүү жүктү ташуу үчүн казактардан жылкы жана төө сурап, Ормон ханды карай аттануу керектиги көрсөтүлөт. Капыстан келген көчтөн Ормон ханды сестендирбөө үчүн алдын ала кабар берип, кыргыз жергесине келер замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. Рапортто көрсөтүлгөндөй, Ормон ханга жашыл баркыттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүүгө көрсөтмө берилет. Майор Перемышльскийге жолдонгон кат Омск шаарындагы корпустук башкы кеңсеге 1853-жылдын 13-июнунда келип түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.06.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уркундон калган сооктор дагыда жатат деп угам чабандардан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: