super.kg logo
  Саясат  

Депутат Шадиев Айыл чарба жана мелиорация министрлигин жоюуну сунуштады

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында дыйкандарга 7 пайыздык насыя берүү демилгеси каралууда. Анын жүрүшүндө Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башчысынын орун басары Жаныбек Керималиев аталган демилгени колдоорун билдирди.

"Убагында 10 пайыздык насыяны берүүдөн коркконбуз, бирок жакшы ишке ашты. Негизи, жеңилдетилген насыялардын кайтарымдуулугу жакшы. 7 пайыздык насыя берүү демилгесин колдоп берсеңиздер жакшы болмок", - деп кайрылды комитеттин мүчөлөрүнө Керималиев.

Комитеттин төрагасы депутат Аскарбек Шадиев Айыл чарба жана мелиорация министрлигин жоюп, бул мекемеге бөлүнчү акча каражатты дыйкандарга аз пайыздык насыя катары берүүнү сунуштады. "Айыл чарба жана мелиорация министрлиги эң чоң министрлик. Анда 5,5 миң адам иштейт. Мамлекеттен 5 миллиард 600 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Бирок бул министрлик сатылбай жаткан картошка маселесин чече албай жатат. Каналдар, арыктар начар абалда, түшүм көбөйбөй жатат. Дагы 7 пайыздык насыяны сурап жатат. Ошондуктан министрликти түп-тамыры менен жоюш керек", - деди Шадиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: