super.kg logo
  Спорт  

Евро-2016: Бүгүн Европанын учурдагы чемпиону Испания курамасы Чехия менен, Бельгия болсо Италия менен беттешет (анонс)

 

Францияда өтүп жаткан Европа чемпиондугунун тайпалык баскычында бүгүн, 13-июнда 3 оюн орун алат. Оюндардын бири "D" тайпасында болсо, калган эки оюн "Е" тайпасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болот.

"D" тайпасы. 1-тур. ИСПАНИЯ-ЧЕХИЯ
Стадион: Тулуза шаары, "Стадьом-де-Тулуз" стадиону
Калыс:Шимон Марчиняк (Польша)
Башталышы: 19:00 (Бишкек сааты боюнча)

Учурдагы Европа чемпиону Испания - мелдештеги чемпиондукка башкы талапкерлердин бири. 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугундагы ийгиликсиз оюндарды көпчүлүк унуткандай болду. Испания курамасы мелдешке жаңы дем, жаңы күч менен келгенин анын машыктыруучусу да баса белгилеп жатат. Бирок ышкырык жаңырып, футболчулар топ тепкенге чейин команданын мелдешке болгон даярдыгын баалоо мүмкүн эмес.

Ал эми Пётр Чех, Томаш Росицки сыяктуу футбол жылдыздарын дүйнөлүк футболго тартуу кылган Чехия, албетте, моюн сунуу үчүн келген жок. Футболчулар Европа чемпионуна көйгөй жаратууну убада кылып жатышат.

"E" тайпасы. 1-тур. ИРЛАНДИЯ-ШВЕЦИЯ
Стадион: Сен-Дени шаары, "Стад-де-Франс" стадиону
Калыс: Милорад Мажич (Сербия)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Бул беттеште Златан Ибрагимович (сүрөттө) баштаган Швеция курамасы менен Ирландиянын мүмкүнчүлүгү дээрлик бирдей бааланууда.

Статистикага токтолсок, Швеция курамасы Ирландияга каршы акыркы 8 беттештин төртүндө жеңишке жетишкен. 2 ирет ирландиялыктар жеңип чыкса, 2 беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Акыркы жолу бул командалар 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда ойношкон. 2 беттеште шведдер 4 упай алышкан.

"E" тайпасы. 1-тур. БЕЛЬГИЯ-ИТАЛИЯ
Стадион: Лион шаары, "Стад-де-Лион" стадиону
Калыс: Марк Клаттенбург (Англия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)

"Евро-2012`нин" финалчысы жана "Евро-2016`нын" чемпиондукка башкы талапкерлеринин биринин беттеши: Италия-Бельгия. Бельгия курамасы тарыхындагы эң мыкты доорун баштан өткөрүп жатканын тануу кыйын. Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 2-орунду ээлеп турган команда оюнунун сапаты, ылдамдыгы менен айырмалана алат. Италиялыктарда буга жооп кылчу мыкты каршы чабуул уюштуруу жөндөмү бар. Азырынча эки команда тең мелдеште өзү тууралуу "сөз сүйлөй" элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.06.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испаниядан курама команда келеби ошондо
13.06.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жок, кошуналардан сурама команда келет)))
13.06.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Испания алга
13.06.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
испания да кимдер ойнойт?
13.06.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испания-Чехия 1:0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: