super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кайненем өтө жакшы адам, бирок мен эмнегедир аны жактырбайм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайненемди канткенде жактырам?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен сиздерден кеңеш алууну туура көрдүм. Кайненем өтө жакшы адам, бирок мен эмнегедир жактырбайм. Сүйлөсө эле жаман көрө берем. Мени өз кызындай эркелетип жүрөт, бир сөз айтса эле сөз кайтарып турам. Эмнеге мындай экенин ойлонуп, жооп таппай келем. Кайненемди көргүм, сөзүн уккум жок. Кайненем жакшы адам, "сен балаңды кара" деп жумуштарды өзү жасайт. Келин болгонума бир жылдан ашты, нан жаптыра элек, камыр жууруп көрө элекмин, бирок эмнеге жаман көрөрүмдү түшүнбөйм".

"Кайненеңди жаман көрсөң, эмне себептен жаман көрөрүңдү өзүң билишиң керек эле да. Кандай болгон күндө да кайненең сага жаман мамиле кылбаса, сен ага жакшы мамиле кылганга аракет кыл. Аракет кылуу, демек, сөзсүз жыйынтыгы болот, ичиңдеги жат адамга болгон кемсинтүү же андан сен жогору, мыкты экениңди сездирип турган текеберликтен арыл, жеңилдейсиң. Башка адамга, жат адамга жакшылык кылуу, ал сөзсүз кайтып келерине ишен. Ишеним көп нерсени чечет".

"Кайненеге кандай мамиле кылсаң, кийин келиниңден ошону көрөсүң. Ушуну эч эсиңден чыгарба".

"Бир тасма бар го, кайненеси аймактык милиция кызматкерин ээрчитип келип келинин коркутуп койгон. Сени да ошентип тарбиялап коюш керек окшойт".

"Тагдырдын тамашасыбы, ушундай келиндерге жакшы кайнене туш келгенин кара".

"Кайненеңиз балаңыздын кичинекей экенине карабай эзип иш кылдырып, жолдошуңузга кечке жамандап токмок жедиртсе эмне кылат элеңиз? "Мен кайненемди жаман көрөм" деп коёт, баласын жакшы көрүп эле тийгенсиз го? Кайнене бөтөн адам эмес да, сиздин жолдошуңуздун энеси. Ойлоп көрсөңүз, сиздин жолдошуңуз сиздин апаңызды жаман көрүп турса эмне кылмаксыз? Адам баарына ыраазы болушу керек. Кайненеңиз жакшы чыкканына шүгүр кылып, сүйүнүп, жыргап жашай бериңиз. Элдин кайненелерине көз жүгүртүп, анан ойлонсоңуз болот".

"Каргап-шилеп турганда көрөт элем, "Канткенде кайненеме жагам?" деп жазмаксың. Сен айткандай жакшы кайнене туш келгенине Кудайга миң мертебе шүгүр кыл. "Кайнененин кылыктары" деген темага кирсең кайненени кантип жакшы көрүп калганыңды билбей каласың. Жашоо - бумеранг, эртең эле сен да келин аласың, азыр сен кайненеңе кылган мамилең ошондо башыңа түшпөсүн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(17)
13.06.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы жакшы, апасы жаман экен да аа сага? Сен да эркек бала торогонсунбу?
13.06.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эшектин жугу женил болсо жатак болот.
13.06.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul bildiruu maga ayabai gana jaktyda.Menda da owondoi sezimder menda kain enemdi jaman korom jakshy bolso dele.Birok aga pri4inasy bar jany kelin bolup kelgende kozun karachmun ayabai al bolso meni balamdyn bashyn ailantyp tyigensin dep buga okwogon jaman sozdordu ait4u ele. Anan bilbeim owentip 3 jyl jashadyk anan men dagy aga kara karshy aitysha bashtadym .Owol kundordu estegimda kelbeit e4 kimge da kaalbaim.Azyr bolso jalmandap kozumdu karap uigo konok kelse maktap kalat .
13.06.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Значит сизди да келининиз кийин жактырбайт. Бул кайтар дуйноооо
13.06.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайнене оз эне болуп бербейт.Келин оз кызын болуп бербейт!деген чын экен.Кайнене менен келин илгертен эле бири бирине душман болуп келген.Сыртыбыздан билинбегени менен ичибизде баары бир ошондой.
13.06.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha, бул дайыма эле кайнене келин мышек менен чычкан сымал бир-бирине оч, кас болот дегендикке жатпайт. Бул эки адамдын мамилеси, бир-бирин туура тушунуп ар бири оз ордун билсе, кайнене келинин кызындай коруп, келин да кайненесин сыйласа, энеси-кызындай эле мамиле болот ортолорунда...
13.06.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сени ашыкча эркелетип жиберген талтандатып !жакшылап ойлон эртен эле башына келип калбасын!
13.06.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azyr kaineneler kelinge podxot kylyp kalywkan eptep jashap ketsin dep balam dep
13.06.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
shairgulisae туура айтасынар антпесе азыркы жаштар ото женил ой
13.06.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билбейм башкалар кандай кайненем кыздарына эмес мага биринчи айтатко проблемаларды кайнежелерине айтпа аа деп.суйлошуп отура беребиз 7жылдан бери жаман айта элек.озубузле келиндер жакшы болсок анан кайненеда жакшы болотда
13.06.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кайненеге туш болупсун. Мин шугур кылып жаша. Кайненеме канткенде жагат экенмин дегендер толтура. Бул да болсо бакыт , бакытты которо билуу керек
13.06.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да кайненемдер (эки кайнененем бар, өзүмүн кайненем жана чоң кайненем) жакшы адамдар. Аларды сыйлайм, кайаша айтпаганга аракет кылам, биздин жакшы күндөрүбүзгө бар болушсун ылайым. Бирок менин артыман сүйлөшөт экен, башында мени жактырышпай эле алганын эми билип отурам угуп алып көңүлүм сууй түштү. Эмнеси болсо да билдирбей эле унчукпай жүрөм, биз башка жашагандыктан айылга эки үч жумада бир барабыз, барсам ишими кылып, жаркылдап жакшы сүйлөп келе берем, ар бир кайнене келининин артынан сү
13.06.2016. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир кайнене келинин жактырбай сүйлөсө керек деп ойлойм
14.06.2016. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сазайы сага окшогондорду баш котортпой азабын бериш керек.Ошондо билесин.Бул нерсе копкондук
14.06.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апам бар болсун!!! атам апам,эжекем и синдим сонун кишилер Аллага шугур!!!апам эки жака кетсе сагынып кетем кадимкидей жумуштан кечигип калса кыжаалат болом эмне болду деп....кыскасы апамды жакшы кором!(кайын энем)
14.06.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ss90,Алдабачы ээ?)))
16.06.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайын энени жакшы коргон келиндер аз эмнеге???баласы жакшы энеси жаман ???деген суроону ар кимибиз ойлосок бизди да келечекте келиндер жаман корбосун учун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: