super.kg logo

Италиянын Мамояда шаарында окуучуларга жайында үй тапшырмаларын аткарууга тыюу салынды

 

Италиянын Мамояда шаарынын мэри Лучано Бароне жай мезгилинде мектеп окуучуларына үй тапшырмаларын аткарууга тыюу салган токтом кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Токтом 15 пункттан туруп, Мамояда шаарынын бардык окуу жайларына тиешелүү.
"Эс алууга бардык окуучулар милдеттүү. Бул учурда китеп окугула, жазгыла, бийлегиле, сейилдөөгө чыккыла, тасма көрүп, таңды тосуп алгыла", - деп билдирген Бароне.

Мэрдин айтымында, окуучулар ансыз деле окуу убагында ашыкча көп окушат. "Каникул убагында "өз жашоосунун жаратуучусу" болууга мүмкүндүк берүүгө эмне үчүн болбосун?" - дейт мэр.

Бароненин мындай жарлык чыгаруусуна 2015-жылы Фермо шаарындагы профессорлордун бири жогорудагыдай демилге менен студенттерге кайрылганы себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.06.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамояга барып убактылуу жашап келсем окшойт.Бечара балдарыма апасы " круглый год"сабак окуй турган закон киргизип койгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: