Евро-2016: 18 жаштагы түрк футболчусу кумири Лука Модрич менен сүрөткө түшүү үчүн күтүүгө мажбур болду





12-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунда Түркия курамасы менен Хорватия беттешкен. Оюндун 69-мүнөтүндө Түркиянын курамында алмашуу болуп, 18 жаштагы Емре Мор майданга чыккан. Оюн аягына чейин ал бир топ аракеттерди көргөнү менен, эсепти теңей алган жок. Жыйынтыгында Лука Модрич киргизген жалгыз гол оюн тагдырын чечип, хорватиялыктар жеңишке жетишти.
18 жаштагы футболчу беттештен кийин кумири менен сүрөткө түшүү үчүн күтүүгө мажбур болду. Модрич журналисттердин суроолоруна жооп берген соң гана жаш футболчуга убакыт тапты. Экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтү талкуу жаратып, айрымдарды жылмайтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
RASTAMAN

13.06.2016. 18:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaw talant dep jarywat, borussia dortmund 10 mln $ satyp aldy jakynda.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.