super.kg logo
  Спорт  

Евро-2016: Италия курамасы Бельгияны утуп, серепчилердин пикирин жокко чыгарды (фоторепортаж)

 

Францияда футбол боюнча Европа чемпиондугунда Италия курамасы Бельгияны 2:0 эсебинде утуп алды. "Е" тайпасындагы 1-тур оюнунда италиялыктар ишенимдүү оюн алып барышты. Буга бельгиялыктардын арты-артынан уюштурулган чабуулу жолтоо боло алган жок. Албетте, Бельгия топко ээлик кылуу, чабуул уюштуруу жагынан артыкчылык кылып жатты. Бирок кооптуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу, аны голго айлантууда Италия мыкты болду.

Италиялыктар бул жеңиш менен ишенимдүү 3 упайга ээ болуп, "Бельгия жеңип чыгат" деген серепчилердин оозун жапты.

Италиянын курамынан 32-мүнөттө Эмануэле Жаккерини айырмаланды. Ал топту жогорку чеберчилик менен токтотуп, андан соң топко дарбаза торунан орун таап берди. Бул гол оюнчуларга моралдык жактан таасир эткени менен, эки команда тең оюн стилин өзгөрткөн жок: баштагыдай эле Бельгия топко ээлик кылса, Италия каршы чабуул уюштуруу аракетин көрүп жатты.

Оюн аягына чейин бельгиялыктардын аракеттери майнап берген жок. Бул учурдан пайдаланган италиялыктар акыркы мүнөттө ийгиликтүү каршы чабуул уюштуруп, аны гол менен жыйынтыкташты. Бул жолу Грациано Пелле айырмаланды.






Евро-2016: Бельгия-Италия

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
14.06.2016. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Базар жок...БИРОК Франция же Германия утат го
14.06.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азар.Куртуа менен Брюйнеге ишенип алышса керек серепчилер ошон учун фаворит санап атышкан белгияны. эгер чынында быйыл алар жакшы оюн корсотушкон жок .
14.06.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Германияда мыкты команда бар
14.06.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Италиянын кечеги оюну атлетикого окшошту.
14.06.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Португалия утат бул жылы
14.06.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Итали-ли-ли-я-я-я
vabank түзөттү 2016-06-14 12:15:24
14.06.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Германия утатго. Менин ойумча.
14.06.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Топ тоголок кайсы олкого(командага)оомат келсе ошол утат бирок мен Германияга колдоо корсотуп жатам себеби мен колдогон футболисттер бар.
14.06.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Португалия чемпион германия 2 уелс менен хорватия 3 орунга ойношот менин кыялым)))
14.06.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Португалия ута албайт эмне Роналдо ойносо эле утуп алмак беле бирок 1/4 же 1/2 ге чейин келет эми 1/8де франция Германия деген командаларга тушуп калбаса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: