super.kg logo

Бишкектеги Пионер жана Комсомол көлдөрү сууга түшүү сезонуна даярдалууда

 

Бишкектеги Пионер жана Комсомол көлдөрү сууга түшүү сезонуна даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан Кара-Жыгач багындагы көлдөрдү сууга түшүү сезонуна даярдоо иш-аракеттери көрүлүүдө.

"Ишканадан кабарлашкандай, көлдөрдүн жээгиндеги чөптөр чабылып, таштанды таштоочу челектер, отургучтар, бастырмалар, кийим которуучу жайлар сырдалып, ажатканалар акталды. Ар бир кийим которуучу жайга "Белгиленген жерден ыраак сүзүп кетүүгө тыюу салынат!", "Спирттик ичимдиктерди ичүүгө болбойт!" деген жазуулар илинет. Балырларды жок кылуу үчүн 21-июнга чейин техникалык туз, хлордуу аки таш, ошондой эле жээктерге кум түшүрүлөт. Кырсыктардын алдын алуу үчүн "Тазалык" ишканасы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, Куткаруу кызматы менен келишим түздү", - деп айтылат маалыматта.

Көлдөрдү сууга толтуруу 21-июнда башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: