super.kg logo

Кыргыз Республикасында 18ге толо элек 28 200 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген

 

Өлкө боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасындагы көрсөткүчтө тубаса оорулуу болуп төрөлгөндөр 35,2 пайыз менен биринчи орунда турушат. Экинчи орунда 24,4 пайыз менен нерв системинен жабыркагандар, андан кийин 12,8 пайыз менен психиатриялык жактан ооругандар турушат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Кыргыз Республикасында 18ге толо элек 28 200 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Алардын баары ай сайын 3000 сом өлчөмдөгү жөлөк пул алышат. Андан тышкары аларга акысыз социалдык тейлөөлөр көрсөтүлүп келет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны майыптык топко күбөлөндүрүүнүн жана аны кайталап өтүүнүн эсебинен өсүүдө. 2015-жылы 12 30 бала, анын ичинен 4190у биринчи жолу күбөлөндүрүлүштү. Ал эми 2014-жылы 4208 бала алгачкы ирет майыптык топко күбөлөндүрүлүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: