"Эмгек сиңирген ветеринардык врач" наамын түзүү демилгеси Жогорку Кеңеште талаш-тартыш жаратты
"Эмгек сиңирген ветеринардык врач" наамын түзүү демилгеси бүгүн, 4-апрелдеги ЖКнын жыйынында талаш-тартыш жаратты. Бул наамды белгилөөгө каршы чыккандардын бири депутат Ташполот Балтабаев болду. “Эмне үчүн анда “Эмгек сиңирген агроном”, “Эмгек сиңирген терапевт”, “Эмгек сиңирген кардиолог” деген наамдарды бербейбиз? Анда ар бир кесип үчүн эмгек сиңирген деген наам түзүү керек”,- деди эл өкүлү. Айрым депутаттар мындай наам жаш ветеринар адистеринин көбөйүшүнө, бул кесипке тапшырган абитуриенттердин санын өстүрүүгө өбөлгө боло турганын айтышты. Ал эми депутат Абдыжапар Бекматов өлкөдө наамадарды, сыйлыктарды тапшырууга мораторий жарыялоону сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

