super.kg logo

Батирди мейманкана катары иштетүүгө тыюу салуу демилгеси парламенттик комитетте чоң талкуу жаратты

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 14-июндагы жыйынында батирлерди мейманкана катары иштетүүгө тыюу салуу, саатына берилүүчү батирлерди көзөмөлдөө жана айып пул салуу укугун ички иштер органдарына берүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралууда.

Анын жүрүшүндө демилгечи Кожобек Рыспаев саатына берилүүчү мейманканалардын турак батирлер менен кошуна болушу жаш муундарга абдан тескери таасирин тийгизүүдө. "Тартиптүү адамдар өз үйлөрүндө тынч уйкудан жана эс алуудан ажырап, мейманканаларга келген адамдардын уятсыз аракеттерин, башка жосунсуз жоруктарын күн сайын угууга жана көрүүгө мажбур болушууда, ошондой эле алардын мас абалындагы мушташтарын жана чыр-чатактарын көрүп жатышат. Саатына берилүүчү мейманканалардын болушу коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирет, анткени аларда сот адилеттигинен качып жүргөн криминалдык элементтер, өздөрүнүн кылмыштуу иш-аракеттерин пландаган террордук топтор жеңил-желпи жайгаша алышат", - деди Рыспаев.

"Жеке менчик мейманканаларга көзөмөлдү күчөтүү максатында бул маселени кароону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алып салуу жана ушул маселени кароону жана административдик айып пул салууну ички иштер органдарына берүү мыйзам долбоорунда сунуш кылынып жатат", - деп толуктады демилгечи депутат.

Депутат Айсулуу Мамашеванын айтымында, бул мыйзам долбоорунда мейманканаларды көзөмөлдөө механизмдери жана кимге айып пул салынары белгиленген эмес. "Укук коргоо органдары эң коррупцияланган болуп эсептелинет. Ошондуктан батирлерди ижарага алгандардан милиция кызматкерлери пара албайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындан тышкары мыйзам долбоору жарандардын жеке турак жайына кирүүгө жол берет экен", - деп Мамашева мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга чакырды.

Комитеттин төрагасы Нурлан Макеев демилгечи Рыспаевге бир жума ичинде мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп, депутаттардын сунуштарын эске алып, 2-окуунун режиминде көрсөтүүнү сунуштады. К.Рыспаев бул сунушка макул болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
14.06.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кыргыз элинин кайсы бир корсоткучтогу пайызы ушул ижарага беруу менен уй-булосун ата-энесин бала-чакасын багып жатышат. эми бул жолго дагы богот койсонор анда жумушту кайсы жактан издейбиз. богот койуудан мурда жумуш оорун толуктасанар. кайсы жерде адамдар кобуроок акча таап кой ушу депутаттардан бологу деп озунун арабасын озу тартайын десе дагы бут тососунар. шарт тузуп берсенер болбойбу же закон деген шарт тузууго иштебейби силерде ? кайсы жерге барба жок жок жок !!!
14.06.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
modern-group, адал жол менен акча тапсын батирин ХХХ кылып саатына, суткасына ижарага бербей...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-14 16:14:30
14.06.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
barpy, этика нормаларын сактаңыз! Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-14 16:16:24
14.06.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саатына, суткасына берилуучу батир ээлерине мыйзамда жаза каралып 1жылдан 3 жылга чейин, кайталана берсе жаза моонотун 5жылга которуу менен жесткий мыйзам киргизуу керек. Суткасына мыйзамдуу батирлер кол жээги сыяктуу туристтик жайларда гана уруксат берилип башка максатта колдонулбашы керек. Ири мейманканалардын ишин да мыйзам менен козомолдоп, интимдик максатта пайдаланылып жаткан мейманканаларды жабууну сунуштайм. Дегеле эркектер жана аялдар учун башка башка мейманканалар керекпи биздин коомго
14.06.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчалуу жерге асылып эле калышты биздин чондор. Демейде гостиницага барып жаткандар ызычуу салбайт. Ызы чуу салгандар жонокой уйлордо деле болушу мумкун. Бул илгертен бар койгой. Кимдин кошунасы ызы чуу салса ошол жерден чечип койсо болот. Ага жаны закондун кереги жок, эски закондор жетсе керек.
14.06.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен үйдө жатсам көшуна үйдөн күндө ХХХ үндөр чыгат. Топтолгон эркектер подъездтен каткырышат. Тамеки тартат ХХХ керек болсо. Күндүз жабык тыптынч. Кечинде кайра эле эробекет. Биздин көп кабаттуу үйлөрдө стеналары калың эмеспи аябай. Ата эмнеге ырдай беришет деп кызым сурайт уят кылып.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-14 16:53:09
14.06.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Futuro, этика нормаларын сактаңыз!
14.06.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир жолу үйүмдүн ичин ремон кылып аристон койгонго дрель менен иштеп аттык эле, үч күндөн кийин кошуналар келди! Бизге нычтык бер, үйдө балдар бар деп. Болбосо күндүз иштеп атканбыз. Убакыт өтүп, кошуна үй эробекетке айланды. Ошондо мен мага келген кошуналарга бардым. Бас чыккыла чогуу айталы тынчтык берсин деп. Бири да болбой койду. Сыягы үндөрүн угуп ырахаттанышат го. Мени жалгыз эч ким укпады. Кирип барып эле тоок кубалагандай кубалайын десем, аларды эмес мени камайт.
14.06.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саатына берилген уйго сойкуну,же ойношун жетелеп келерин баарын билесин.Уйунду ошондой жаман жерге айлантып нан таппай эле койчу.
14.06.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жакшы болмок
14.06.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
саатына берилсе бардак болот суткага берилсе боло берет алыстан келген конокторго ынгайлуу болот
14.06.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болот эле, куйолор левый жака вобще барбай калышса кана..
14.06.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чынынында бул актуалдуу проблема!Мыйзамды жакшыраак кылып иштеп чыгышса экен,салык толотуп,штраф толотуп дегендей эмес,жабып мындай харам жерлерди!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: