super.kg logo

Новопавловка айыл аймагындагы Тынчтык конушунда таштанды төгүүчү жайды айыл өкмөтү тазалабай келет

 
Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагына караштуу Тынчтык конушундагы таштанды төгүүчү жайды айыл өкмөтү тазалабай келет. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындан бир ай мурда инспекциянын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүрүп, тез аранын ичинде таштанды таштоочу жайды тазалап, акыр-чикир төгүүчү жайды башка жайга көчүрүүнү эскертишкен. Себеби 30 жылга чукул аралыкта Сокулук районунан чыккан таштандынын баары ушул жайга төгүлүп келген. Азыркы тапта таштанды төгүлүп жаткан аймактын чеке-белинен ашып, тургундардын
короо-жайына чейин жайылып кеткен.
Адистер кайрадан жерине барып, жергиликтүү бийликке тез аранын ичинде таштанды таштоочу жайды сүрдүрүп, орун которууну дагы бир ирет эскертишти. Айыл өкмөттөрүнүн мындай жоопкерчиликсиз мамиле жасаганынан улам республика боюнча таштанды маселеси көп ыңгайсыздык жаратып келүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: