super.kg logo
  Спорт  

Евро-2016: Австриянын 1 футболчусу оюндан четтетилип, команда Венгрияга жеңилүүгө мажбур болду

 

Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунда бүгүн тайпалык баскычтын 1-туру жыйынтыкталат. Учурда "F" тайпасынын өкүлдөрү оюн өткөрүшүүдө. Венгрия курамасы Австрия менен беттешип, 2:0 эсебинде утуп алды.

Бордо шаарында өткөн беттешти эки команда тең ылдамдыкта башташты. Маал-маалы менен командалар чабуулга чабуул менен жооп кайтарып жатышты. 1-тайм 0:0 эсебинде аяктады. 2-таймда окуя австриялыктар күтпөгөн нукка бурулду.

Тактап айтканда, алгач Венгрия эсепти ачып, алдыга чыкты. 62-мүнөттө Адам Салаи айырмаланды. Жооп кайтаруу аракетин көрүп жаткан Австриянын иши жүрүшпөй жатты. 4 мүнөт өтпөй Александар Драгович атаандашына карата орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилди.

Бул көрүнүштөр беттештеги чечүүчү ролду ойноду. Андан кийин 10 футболчунун аракети гол алып келе алган жок. Оюн аягында Золтан Штибер дарбазачы менен бирге-бир чыгып, топко дарбазадан орун таап берди.

1964-жылдан бери Европа чемпиондугунда алгачкы жолу жеңишке жетишкен Венгрия 3 упайга ээ болду.






Евро-2016: Австрия-Венгрия

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
15.06.2016. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
футболго макул болуп келген ойун боло берет ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-15 09:32:44
15.06.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
chyngyz-40, биринчиден улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүү калтырууга, экинчиден темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
15.06.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Lintel, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
15.06.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Венгриядан мыгдай оюнду такыр куткон эмесмин
15.06.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйындан кыйын чыгат деген ушулда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: