Сапар Эркебаев "Жашынган сүйүү" аттуу ыр чыгарды

Ырчы Сапар Эркебаевдин “Жашынган сүйүү” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Урмат Усеновго, обону ырчынын өзүнө таандык. “Ырдын музыкасы башка ырларымдан айырмаланып турат. Темпи тез, бирок ошол эле убакытта кайгылуу ыр. "Жазда сүйүү башталат" дегендей, жаңы ырым менен элди кубандырайын дедим. Эми,буюрса, клибин да тартам”,- деди Сапар Эркебаев. Айта кетсек, ырчы мырза учурда “Алтыным” аттуу ырына клип тарттырып жаткан кези.
Кыстарылган аудио
Сапар Эркебаев "Жашынган сүйүү"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?