Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова моралдык жактан жабыркагандыгы үчүн президенттен 10 миллион сом талап кылды





Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочулар президент Алмазбек Атамбаевди айыптаган соттук отурум улантылды.
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова президенттин анын дарегине айткан сөзүнөн улам үй-бүлөсү жабыркаганын айтты.
"Коомчулуктун алдында президент Атамбаевдин мыйзам бузуулар менен менин дарегиме айтылган шылдыңдоолорунан мен жана үй-бүлөм жабыркадык. Мен апамын, чоң энемин. Мындай абалым балдарыма да терс таасирин тийгизип жатат. Моралдык жактан жабыркап, кыйналып жатам. Мага 10 миллион сом моралдык чыгым төлөп беришин талап кылам", - деди Исмаилова.
Отурумга президенттин өкүлү да катышып: "Президент Крыловдун тамсилин мисал кылып айтканда эч бир адамдын аты-жөнү аталган эмес. Мында эч кимдин аброюна шек келген эмес", - деди соттук отурумда.
Эскерте кетсек, 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземи өткөн. Анда президент "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" делген адамдарды катуу сынга алган. Өз кезегинде өлкө башчы Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованы сынга алган.


10млн'сом табыштын эн оной жолу го э.
Урматту Президент мени да сынга алып коюнузчу. Мен 5млн сом эле сурайм.
Мыйзам барбы ооз ачып суйлоп ийгенге
Капырайаай кедей байкуш кантти экен
Марал эмес ,матриялы куйгонго
Мыйзам ,мыйзам баарыбызга тенсинби
Мыйзам мыйзам же бир курал элесинби ?
Бул укук коргоочулар биздин жарандардын кызыкчылыгынан мурун чет жактардын кызыкчылыгын жогору койгондой, ошолор үчүн кызмат кылгандай сезиле берет, (ошон үчүн жактыра бербейм булардын иш-аракеттерин). Таба эмес, тобо, бирок буларды ушинтип эсине келтирип турбаса, төбөгө чыгып кетишти, такыр эле...