super.kg logo

"Үй бөлүштүрүүдө адилеттик болгон жок" деген азиздер жана дүлөйлөр Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 15-июнда азиздер жана дүлөйлөр Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. 20дан ашык адамдан турган топ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бериле турган үйлөрдү бөлүштүрүүдө мыйзамсыз көрүнүштөр болгонун, жерлер сатылганын айтып жатат.

SUPER.KG порталына Батма Койгелдиева билдиргендей, чогулгандар Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновдун отчётун да укканга кызыкдар. Себеби ал отчёт бербегендиктен, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер аткарылган иштер боюнча маалымат ала албай жатышат. Бул көрүнүш адилетсиздиктин өкүм сүрүүсүнө алып келет.

Батма Койгелдиева буларды айтып берди: "Менин 2 балам бар, көрүүлөрү начар, I топтогу майыптар. Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы көйгөйлөр көпчүлүккө маалым. Батирлер туура бөлүштүрүлгөн эмес, ошондуктан окуя ушуга чейин уланып кетти".

Маалым болгондой, 9-июнда Калык Мамбетакунов жана депутат Дастан Бекешевдин катышуусунда жыйын болуп, батирлердин берилишин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. "Чогулушка баргандардын көбү Мамбетакунов тараптан экен. Биз буга макул эмеспиз. Дудуктар болсо Дастанга ишенбейбиз деп, комиссиянын башында турган Мамбетакуновго ишенбейбиз деп нааразычылык акциясына чыктык. Мамбетакуновдун иштегенине 25 жылдан ашыптыр. Эми жаштарга орун берсе болот эле", - деп кошумчалайт Батма Койгелдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: