super.kg logo

Министр Кубатбек Боронов орун басарлары менен аймактарга жөнөп кетти

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн аймактарга чыгып кетишкенин ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Мындай чечимди өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өлкөдө болуп жаткан дарыялардагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүп, кооптуу абал түзүлгөндүгүнө байланыштуу 15-июнда өткөрүлгөн оперативдик жыйында кабыл алды.
Кабыл алынган чечимге ылайык, министр Кубатбек Боронов Нарын облусуна, министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев Баткен облусуна, министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков Чүй облусуна жана министрдин орун басары Нурбек Сыдыгалиев Ысык-Көл облусуна өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерине жеринен жетекчилик кылуу үчүн жөнөп кетишти.

"Оор учурда жарандардын жанында болуп, түйшүгүн тең бөлүшпөсөк, анда биздин иштеп жаткандыгыбызга ким ишенмек эле? Бүгүнкү күндөн баштап эң кооптуу аймактарда кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жумуштарын жеринде өзүбүз жетектейбиз", - деди министр Кубатбек Боронов жыйын учурунда.

Аймактарга керектүү күйүүчү-майлоочу майлар, зарыл болгон техникалар да жөнөтүлдү.
Ошондой эле ӨКМнын облустук башкармалыктарынын башчыларына зарыл болгон учурда менчигинин түрүнө карабастан аймактардагы техникаларды, күч-каражаттарды пайдаланууга жол берген мыйзам бар, зарыл болгон учурда ошол мыйзамды иштетүү керек экендигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: