super.kg logo

Активист: "Одоно мыйзам бузууларга карабай Байкоочу кеңеш Коомдук телеканалдын жетекчилигине сөгүш гана берип чектелди"

 

Кечээ, 14-июнда КТРКнын Байкоочу кеңешинин ачык отуруму орун алды. Анда телеканалдын кызматкерлеринин жумуштан алынганы, "Жаңы муун" кыймылынын үрп-адат, салтка туура келбеген берүүлөргө бөгөт коюу суранычы менен жазган арызы жана башка бир катар көрүнүштөр талкууланды.

SUPER.KG порталына "Жаңы муун" кыймылынын лидерлеринин бири Мавлян Аскарбеков билдиргендей, жолдонгон катта 6 талап жазылган. Талаптардын катарында үрп-адат, салтка туура келбеген берүүлөрдү көрсөтүүнү токтотуу, мындай берүүлөрдүн эфирге чыгуусуна жол берген Көкүл Арипованы кызматтан алуу, Байкоочу кеңештин катарына активдүү жаштардан тартуу, Байкоочу кеңеште да иштеп, берүүнү да алып барган айрым адамдардын ишмердүүлүгүнө чектөө коюу маселелери бар болчу.

"Көп маселе каралып, жыйынтыгында Байкоочу кеңеш телеканалдын башкы директору Илим Карыпбековго сөгүш берип гана тим болду. Ички иштер министрлиги, прокуратура карап чыгып, кылмыш ишин козгой турган көрүнүштөр да бар экен. Мисалы, КТРК мамлекеттик объект болгонуна карабай практиканттар эч кандай текшерүүсүз имаратка кирип чыга беришет экен. Ошондой эле стаж өтүүгө келгендерге айлык бухгалтерия аркылуу эмес, кызматкерлер тарабынан берилет экен", - деди активист.

Буга катар М.Аскарбеков аталган телеканалдын кызматкеринен боюнда болуп калган кызды талкууга чакырып келишкенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.06.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомдук канал эч жакшы жака озгорбоду. Качан карасан эки адам "маанилуу маек" куруп жатышкан болот.
15.06.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ктркнын бир передачасы жакса олоюн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: