Жогорку Кеңеште депутат Момбеков менен Жээнчороев жакалашып кете жаздашты



Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында добуш берүү учурунда депутаттар Рыскелди Момбеков (КСДП) менен Мирлан Жээнчороев ("Республика-Ата Журт") жакалашып кете жаздашты.
Мыйзам долбоорлоруна добуш берилип жатканда түшүнүксүз жагдай жаралган. Айрым депутаттардын айтымдарында, төрага мыйзам долбоорлорун ылдам атагандыктан, алар кайсы долбоорго добуш берип жатканын билбей калышты.
Депутат Мирлан Жээнчороев процедуралык маселелерди айтуучу микрофонго чыкканда, спикер ага микрофонду жандырбай коюп, добуш берүүнү уланта берди. Мындан улам "Республика-Ата Журт" толугу менен добуш берүүдөн баш тартып жатты.
Спикер жыйынды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн айла жок нааразы болуп жаткан фракциянын лидери Өмүрбек Бабановго сөз бергенге мажбур болду. Бабанов: "Депутат бир чыгып сүйлөп койсо, эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Ал эми добушка коюу же койбоону өзүңүз чече аласыз", - деп Жээнчороевге сөз берүүнү суранды.
М.Жээнчороевге сөз берилгенде ал "Жогорку Кеңештин баары бир юристтин артынан ээрчип жүрөт" деп парламентти айыптады.
Буга бир топ депутаттар нааразы болушту. Депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) кечирим суроону талап кылды. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков менен Жээнчороев кайым айтышып, жакалашып кете жаздашты. Жанында отурган депутаттар аларды токтотуп калышты. Жыйынтыгында Жээнчороев депутаттардан кечирим сурады.
Жогорку Кеңеште эки депутат урушуп кете жаздашты (15.06.16)


