ЖЫЛНААМА, 15-ИЮНЬ: Мындан бир жыл мурун орусиялык ырчы Жанна Фриске рак илдетинен каза болгон



Мындан бир жыл мурун, 2015-жылы 15-июнда орусиялык ырчы Жанна Фриске рак илдетинен каза болгон. Ырчынын сөөгү коюлган Москванын четиндеги Николо-Архангельск көрүстөнүнө алгачкылардан болуп ырчынын атасы, апасы жана эжеси келишип, ырчынын күйөөсү Дмитрий Шепелёв жана 2 жаштагы баласы Платон эскерүүгө келишкен эмес.
Эскерте кетсек, дарыгерлер Жанна Фрискеге 2014-жылы январь айында 4-даражадагы глиобластома (мээнин залалдуу шишиги) диагнозун коюшкан. Ал Германиянын, АКШнын клиникаларында дарыланган. Аны дарылатуу үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпысынан 70 миллионго жакын рубль жыйналган. Коомчулуктун кол сунганына Жанна Фриске ыраазы болгон. 2014-жылдын жай айында ырчынын ден соолугу жакшырып, көзүнүн көрүүсү калыбына келип, шишиги тарап, арабасыз өзү басып жакындарын, күйөрмандарын сүйүндүргөн. Бирок бир жарым жыл бою айыккыс дарт менен алышкан ырчы 2015-жылы15-июнда каза болгон. Күйөөсү Дмитрий Шепелев дарыгерлердин алдын ала берген жагымсыз маалыматын угуп акыркы көз ирмемдеринде сүйүктүүсүнүн жанында болууну каалабай, өлөрүнө бир күн калганда баласын алып Болгарияга учуп кеткен. Ал баласына энесинин өлүмүн көрсөткүсү келген эмес. Ырчы ата-энесинин, сиңдиси Натальянын жана жакын курбусу Ольга Орлованын көз алдында кайтыш болгон.
15-июндун жылнаамасы.




1 |