super.kg logo
  Саясат  

Депутат Тынчтык Шайназаров Ак үйдүн тосмосуна презерватив илип акция өткөргөн журналисттерге нааразы

 
ЖКнын 4-апрелдеги жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров Ак үйдүн тосмосуна презервативдерди илип нааразычылык акциясын өткөргөн журналисттерге нааразычылыгын айтты. “Мен интернеттен Ак үйдүн тосмосуна илинген презервативдерди көрүп аябай жаман абалда калдым. Бул эмне деген маскарачылык? Эгер муну эч нерсе түшүнбөгөн жаш балдар жасаса түшүнөт элем. Анан сабаттуу, билимдүү адамдар ушуну жасап жатканын кандай түшүнсө болот? Демократиялык өлкө деп саналган АКШда да мындай жорук жасагандар сөзсүз жооп беришет”,- деди ал. Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков бул тууралуу биринчи жолу угуп жатканын жана маселени сөзсүз чече тургандыгын билдирди. Эске сала кетсек, 27-мартта ЖКда өткөн жыйында депутат Улукбек Кочкоров "эгер журналист кыргыз тилин жакшы түшүнбөсө, аларга Жогорку Кеңешке кирүү укугун бербейли. Парламент жыйындарына кыргыз тилин жакшы түшүнгөн журналисттер келсин”,- деген болчу. Буга байланыштуу өлкөдөгү айрым ММК өкүлдөрү 1-апрелде нааразычылык акциясына чыгышкан.  

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: