super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Чүй дайрасы коркунуч жараткан Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесине барды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 15-июнда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чүй дайрасынын ташкындоосуна байланыштуу жолдун суу астында калуу коркунучу жаралган Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесине барды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин маалыматына ылайык, Чүй дайрасындагы суунун деңгээли нөшөрлөгөн жаандын жана андан кийинки ысык аба ырайынан улам мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 9-июнунан 10-июнга караган күнү көтөрүлгөн. Анын айтымында, бүгүнкү күндө суунун деңгээлинин жогорулашы сезондук көрүнүш жана суу каптоо коркунучу жок.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновго жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте кооптуу аймактардагы жээктерди бекемдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: