Бишкекте "Кыргызгазды" Орусияга сатуу боюнча акыркы сүйлөшүүлөр болот
“Кыргызгазды” сатып алуу маселелери боюнча бүгүн, 4-апрелде Орусиянын “Газпром” ишканасынын өкүлдөрү Бишкекке келишет. Бул тууралуу Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди. “Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Кыргызгазды” сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага барып келген. Бул жолку сүйлөшүүлөрдө жыйынтыктоочу чечимдер чыгышы керек”,- дейт Акенеев. Эске сала кетсек, 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаев “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушканда “Кыргызгазды” Орусияга сатуу тууралуу маселе көтөрүлгөн. "Кыргызстанга иштебеген "Кыргызгаз" эмес, газ керек",- деп айтып келет өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

