super.kg logo
  Спорт  

Евро-2016: Бүгүн Польша курамасы Германияга, Уэльс курамасы Англияга каршы турат (анонс)

 

Бүгүн, 16-июнда Франциядагы Европа чемпиондугунун тайпалык баскычында "В" жана "С" тайпаларынын өкүлдөрү оюн өткөрүшөт. Бул оюндар тайпадагы абалды өзгөртүп, айрым командалардын тагдырын чече алат. Бул күнү футбол сүйүүчүлөрү Гарет Бэйл баштаган Уэльс курамасынын Англияга каршы оюнун, 1-турда татыктуу ойноп, бирок Германияга утулуп калган Украинанын оюнун көрө алышат. Күндүн беттеши талашсыз түрдө Польша курамасы менен Германиянын ортосундагы беттеш болмокчу.

"B" тайпасы. 2-тур

АНГЛИЯ-УЭЛЬС
Ланс шаары.
"Феликс Боллар-Делелис" стадиону
Калыс: Феликс Брых (Германия)
Башталышы: 19:00 (Бишкек сааты боюнча)
Гарет Бэйл баштаган Уэльс курамасын бүгүн англиялыктардын татаал сыноосу күтүп турат.

Бул тайпада азырынча бардык командалар кийинки баскычка (плей-офф) чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап турат. Англия менен Уэльс беттешинде жеңиш көбүрөөк Англия курамасына керек, себеби англиялык футболчулар алгачкы турда Орусия менен 1:1 эсебинде ойноп, күйөрмандарын катуу нааразы кылды. Буга катар Уэльс бул тайпада алгачкылардан болуп 3 упай алган команда. Эгерде бул күнү Англия жеңишке жетишсе, тайпадагы "баш аламандыкка" 3-тур оюндары гана чекит коёт.

"C" тайпасы. 2-тур

УКРАИНА-ТҮНДҮК ИРЛАНДИЯ
Лион шаары. "Стад-де-Лион" стадиону
Калыс: Павел Краловец (Чехия)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
Украина курамасы үчүн 3 упай алууга мыкты мүмкүнчүлүк. Бирок түндүк ирландиялыктар майданга тезек тергенге чыгып жатышкан жок.

Украина менен Түндүк Ирландия "С" тайпасында 1-турда упайдан куру калышты. Эки команда анда жакшы оюн көрсөтүштү, бирок атаандаштары чеберчилик жагынан айырмаланып турушту. Бул жолу эки команда сөзсүз жеңүүчүнү аныктоо аракетин көрүшөт, себеби тең чыгуу экөөнө тең пайда алып келет. Кайсы бири 3 упай алса, 3-турдагы атаандашынан да упай алуу аракетин кызуу көрөт. Тайпадан кийинки баскычка 3 команданын чыгарын, дагы 6 упай алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, мелдеш эми гана башталганын бул командалар жакшы билишет.

"C" тайпасы. 2-тур

ГЕРМАНИЯ-ПОЛЬША
Сен-Дени шаары. "Стад-де-Франс" стадиону
Калыс: Бьорн Кейперс (Голландия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)

Бастиан Швайнштайгер мурунку спорттук калыбында эмес. Бирок Роберт Левандовски баштаган Польшага каршы беттеште өнөктөштөрү анын дем-күч берген сөздөрүнө да муктаж.

Германия курамасы Европа чемпиондугундагы чемпиондукка талапкерлердин катарын толуктайт. Бирок немис футболчуларына каршы ойноп, гол киргизүү мүмкүн экенин 1-турда Украина далилдеди (гол жаратпаса да, кооптуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүштү). Польша курамасы Германия менен болгон беттеште гол жаратууга мүмкүнчүлүк аз гана болорун, ошол аз мүмкүнчүлүктөрдүн бирин голго айлантуу керектигин мыкты түшүнүп турат. Негизи, дал ушундай беттештердин 3-турда орун алганы күйөрмандарга кызык болмок. Себеби тайпадагы күчтүү курамалар кийинки баскычка биринчи болуп чыгуу аракетинде "кичи финалда" кызуу оюн тартуулап беришмек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.06.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bavarianyn oiunchulary bugun biri birine karwy tytywat eken da
16.06.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Немецтер күчтүү окшойт быйыл .
16.06.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уэльс мн Польша алга!!!!
16.06.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Германия 2:0 же 2:1 мене Полшаны утат
16.06.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Германия - Польша 1-0 же 1-1
Англия - Уэльс 1-0 же 0-0
Испнаия - Турция 2-0 же 2-1
16.06.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Германия же Франция чемпион болот
16.06.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Испандар 3 :0да болушу мумкун
16.06.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
англияга ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: