super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Нюшанын "Целуй" клибинде адамдын каалоосу менен акылынын күрөшүүсү көрсөтүлөт

 

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө орусиялык ырчы Нюшанын "Целуй" аттуу клиби жүктөлдү.

Өткөн жумада белгилүү орусиялык ырчы Нюша күйөрмандарына "Целуй" ырынын жаңы клибин тартуулады. Клиптин режиссёру - Сергей Солодкий.

"Клип өзгөчө болот. Андагы окуялар ырдын маанисине туура келбейт, бирок мага жакты. Калган суроолорго клиптин режиссёру жооп берет", - деп билдирген Нюша клип тууралуу.

"Биздин жаңы чыгарма каардуураак, философиялык мааниге ээ болду десем жаңылышпайм. Анда көпчүлүк адамдар туш болгон окуя чагылдырылат. Алсак, эки адамдын ортосунда бири-бирине тартылуу, арбаган күчтүү сезим пайда болот. Ошондо жүрөк, каалоо менен акылдын ортосунда ички күрөш башталат... Бул сүйүүбү же кумарбы? Мына ушундай ар бирибиздин көңүлүбүздө боло турган ички драмалык күрөштү клиптеги кыймыл-аракет, образдар аркылуу берүүгө аракет кылдык", - деп билдирген режиссёр Сергей Солодкий.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: