Өлкөдө пенсионерлер айына орточо эсеп менен 4637 сомдон алышат

Кыргыз Республикасында орто өлчөмдөгү пенсия 4637 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Медер Ырсалиев билдирди.
Анын айтымында, 1-октябрдан тарта пенсияга 200 сомдон 500 сомго чейин кошулат. "Соцфонддо буга акча каралган. Пенсиянын көлөмү жыл сайын көтөрүлүп жатат. 35 пайызга чейин көтөрүлгөн жылдар болгон. Акыркы жылдары пенсия 8-13 пайызга чейин көтөрүлүүдө", - деди Ырсалиев.
Депутат Руслан Казакбаев "депутаттар үчүн артыкчылыктардан баш тартып, үнөмдөлгөн каражатты пенсияны көбөйтүүгө жумшасак болмок" деген пикирин айтты.
Мындан тышкары бул маселе каралып жатканда Социалдык фонддун төрагасынын орун басарынын айлыгы 16 миң сомго барабар экени белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Кечээ жакныда кабарларда жүрбөдү беле улуттук бакнтын төрагасы 120000 сом алат , жардамчылары 108000 алат деп. Ал эми мугалим, милиция менен врачтар элге кызмат кылып жатып алган айлыгы 15000 тегереги. Адилетсиздик деп ойлойм.