super.kg logo

"Тазалык" жана "Жашылдандыруу" ишканалары нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин шаар көчөлөрүн жана ирригациялык тутумдарды тазалоодо

 
"Аалы Токомбаев көчөсүндөгү суу менен жуулуп кеткен жол үстүндөгү белгилердин" сүрөтү

Бишкек шаардык мэриясы нөшөрлөп жааган жаандан кийин борбор калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.

"Тазалык" жана "Жашылдандыруу" ишканаларынын жумушчулары нөшөрлөп жааган жаандан кийин шаар көчөлөрүн жана ирригациялык тутумдарды тазалап жатышат. Өткөн түнү Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн астына суу толуп, аны ирригациялык түйүндөрдөгү таштандыны тазалап агызышкан", - дешти мэриядан.

Ошондой эле кечээ социалдык тармактардагы "Аалы Токомбаев көчөсүндөгү суу менен жуулуп кеткен жол үстүндөгү белгилердин" сүрөттөрү тууралуу билдирүү таратты:

"Жол үстүндөгү белгилер "Бишкек асфальт-сервис" муниципалдык ишканасы тарабынан үстүбүздөгү жылдын май айында муздак пластиктен түшүрүлгөн. Ал жаандын суусу менен жуулуп кетпейт. Кечээ кечинде унаа жүрүүчү жол бөлүгү сууга толуп калган. Унаалар жогорку ылдамдыкта жүрүшкөндүктөн, сууда көбүк пайда болгон. Көбүктү боёкко окшоштурушкан".

Жол үстүндөгү белгилер инновациялык материал болгон пластиктен түшүрүлгөн жана алар көпкө чейин жешилбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: