super.kg logo

Жогорку Кеңеш 3 миңден ашуун адамды мунапыс аркылуу абактан бошоткону жатат

 

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Ага ылайык, эркиндиктен ажыратуу жайларынан болжол менен 3374 адам бошотулмакчы. Алар:

1. Соттолгон жашы жете электердин саны – 11 адам (анын ичинен биринчи жолу 5 жылга чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жете электер – 2 адам);

2. 60 жаш курактан ашкан эркектердин, ошондой эле 55 жаш курактан ашкан аялдардын саны – 98 адам (баары оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон);

3. I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин саны – 10 адам (баары оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон);

4. Экиден кем эмес жашы жете элек балдары же I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган, коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон адамдардын саны – 245 адам;

5. Коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон, ушул мыйзам күчүнө кире турган күнгө карата жазасынын өтөлө элек бөлүгү бир жылдан ашпаган адамдардын саны – 1267 адам;

6. Биринчи жолу коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштарды жасаган адамдардын саны –
1862 адам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
16.06.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аа жакшы жанылык экен.Жанылбаган адам болбойт!
16.06.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анда жанакы 100000 сомдук жылкы уурдап 11 жылга кетти деген кишини да кошуп койсун.
16.06.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Нарымбаевда бошотулсун анда ушунчанын арасында билинбей калат))) булар депутат эмес эле бир балээ болдуго бирин кармай албай жатып 3 минин бошотуп. Ото тушунуксуз жана адамды жийиркенте турган мыйзам!!!
16.06.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кайран кыргызым макул бошотулса куноосуз ак жеринен камалгандарга жакшы болот бирок бул эл сатар чиновниктер кыргызга душман болгон сепоратис Аскаров деген ХХХ да кошуп койсо анда кыргыздын эле шору мына ошондо бугунку элдин кыргыздын намысын саткан менен барабар болот бул менин жеке оюм
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-17 12:47:20
17.06.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrylgyskyrgyz, кимдир-бирөөнү кемссинтүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
17.06.2016. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрале тушушот. Конгон адат калабы уйга жугон салабыдеген жакшы соз барго. Акчасы таанышы барлар списокка илинишет колунда жокторго кайдан. Бизде турмодон он% онолуп чыкпаса калганы конумушадат кылыпалышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: