super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Сөзсүз бирөө өлгөндө карашабы?" деп Коңур-Өлөң айылындагы чабандар нааразы болушууда

 
6-кашар
6-кашар
6-кашар
6-кашар
6-кашар
Көпүрө жолу
Көпүрө
Көпүрө

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында суунун деңгээли көтөрүлүп, айылга каттоочу жолду жеп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 16-июнда кабарлады.

"Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында суунун деңгээли көтөрүлүп, 6-кашарды каптап, айылга каттоочу жолун жеп, адам жашоосуна коркунуч жаратууда. Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бузук экскаватор берилип, ал иштебей, тонналаган майларын сатып, "иштедик" деп отчёт берип, алдап кетишкен. Көзөмөл кылып коюшса болмок, министрлик жактан. 18 чабан айыл менен катташа албай калды. Катуу жааган жамгырга карабай эл көйгөйлөрүн айталы деп турган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кошуна айылга чейин келип, бизге келбей кетип калды. "Сөзсүз бирөө өлгөндө карашабы?" деген эл нааразы болуп тарап кетти. Ошол кашарлардын айланасындагы 400 гектар жайыт жерди кум чайкап, жарабай калды", - дейт окурман.

Ошол эле айылдын көпүрөсү коркунучтуу абалда турганын кошумчалады.

"Бул районго каттоочу жолубуздагы көпүрө да ошол суунун кесепетинен араң турат. Жол эксплуатациялоо мекемесине кайрылсак, "терпимо" деп кетип калды", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
16.06.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Терпимо дегени жакты,,ушул биздин чондорбу агып кетип же чогуп кетмейинче келбейт да...
16.06.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул чындык.
16.06.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртераак Чара коруш деген жок буларда.
17.06.2016. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
оздорун курсагы ток кийими бутун болсо болдуда
17.06.2016. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тяк пягын бетондоп койсо болгудай элего тиги копуронун
17.06.2016. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга эле жакын жер уй айылында ушу жаандын кесепетинен суу чоноюп бир эжени суу агызып кетти.соогун эртеси табышты.мына бугун баары бутконсуп кун жаркырап ачылыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: