super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Оозума тамактын даамы келе баштаганда гана орозо экенимди эстедим"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Орозо маалында байкабай тамак жеп, суу ичип алган учурлар болду беле?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Орозо тутуп көргөн эмесмин. Медицина орозого каршы экен".

"Орозонун 1-күнүндө иниме тамак даярдап, ысык-муздагын текшергени бир аз оозума тамчылатып жутуп да койдум. Анан бир аздан соң баягынын даамы оозума келе бергенде орозо экенимди эстеп кеттим".

"Эжем орозо кармап жаткан экен, иним болсо курут жасап күнгө жайып коюптур. Эжем эми жейин десе ары жактан иним жебеңиз деп кыйкырат. Эжем ошондо орозо экенин эстеп кетиптир. "Орозо экенимди эстетип койгонуң жакшы болбодуду" десе, иним "сиздин орозо экениңизди билбейм, иши кылып курутума тийбеңиз" дептир".

"Андай учурлар болгон, болгондо да кымыз ууртап алгам".

"Адашып жеп алган учур боло элек, тескерисинче, ооз ачкандан кийин дагы орозо кармагандай жүрө берем".

"Мен андай учурга туш болбоптурмун, бирок ушул орозо башталарда түшүмдө тамак жеп алып, кайра түкүрүп жатыптырмын. Жүрөгүм түшүп тура калсам түшүм экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
17.06.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
курут жайган баланын окуясы жылмайтты))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: