super.kg logo

ӨКМ: Талас облусунда да дарыялардын суулары көтөрүлө баштады

 

Талас облусунда да дарыялардын суулары көтөрүлө баштаганын 17-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 16-июнда Талас шаарындагы Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээгинен суу ашып жаткандыктан, ӨКМнын №17-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөө иштерин жүргүзүштү.

Ушул эле күнү Талас районундагы Манас айылынын Манас көчөсүндө суу ташкындоо коркунучу болгондуктан, ӨКМнын №101-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөөгө чыгышкан.

Ал эми 17-июнь күнү саат 04:30 чамасында Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылында Үрмарал суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээгинен суу ашып жаткандыктан, ӨКМнын №93 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары учурда кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.06.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кум шагыл дешет да кабы эртен эле айрылат да, мнеге ушундай биздин окмоттогулор ар Бир район жакшы иштешсе гана сеткага таштан коп неме жок раса дамба курушпайбы бекер отуруп эле анан качан тоок ... Келгенде какыкылыктайт болбой. Какыкылыктап атып ошо жерди да чала калтырышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: