super.kg logo

Таласта 1 миллион 932 873 элеттик аялдын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу конференция өтүүдө

 
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Куйкеев
Гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Нургүл Бакирова

Бүгүн, 17-июнда Талас шаарында “Элеттик аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу IV Республикалык конференция өтүүдө. Ага бардык облустардын ишкер аялдары катышып, өздөрүнүн кол өнөрлөрүн көрсөтүү менен бирге ийгиликтүү тажрыйбалары менен ой бөлүшүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Конференциянын негизги максаты элеттик эмгекчил аялдардын ишинин ийгиликтүү жыйынтыктарын пропагандалоо, ошол эле учурда экономикалык, укуктук шарттарын, социалдык статусун жогорулатуу болуп эсептелет", - деди эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Күйкеев.

Бүгүнкү күндө элеттик аялдардын саны 1 миллион 932 873кө барабар. Аялдар бардык калктын 65 пайызга жакынын түзөт. Ал эми алардын экономикалык активдүү бөлүгү 51,7 пайыз болсо, 46 пайызы гана эмгектенишет.

"Тилекке каршы, өлкөнүн экономикасына элеттик аялдардын кошкон салымы байкалбаган бойдон калууда. Көп учурда алар өз укуктарын коргоого алсыз. Медициналык тейлөө, кошумча окутуу, жеткиликтүү кредиттер, туруктуу иш орду, эс алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышпайт. Конференциянын алкагында көйгөйлөрдү айтып тим болбостон, аларды чечүү жолдору боюнча долбоорлордун ишке ашуусунун натыйжалуулугун жогорулатууга аракет жасалат", - деди министрликтин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Нургүл Бакирова.

Маалыматка ылайык, айыл чарба тармагында иштөө киреше табуунун маанилүү булагы болгондуктан, элеттик аялдар агросектор чөйрөсүнүн активдүү катышуучусу. Алар көбүнчө жашылча-жемиштерди өстүрүп, сүт азыктарын иштетишет. Статистикага кененирээк токтолсок, аялдардын 38,3 пайызы соода тармагында иштешет, 64,1 пайызы бизнес секторунда жана тамак-аш ишканаларында, 78,6 пайызы билим берүү тармагында жана 24,7 пайызы үй чарба менен алектенишет.

Республикалык конференция мурдагы жылдары Баткен, Нарын жана Чүй облустарында өткөрүлгөн. Коомдун өнүгүшүндөгү элеттик аялдардын ролун жана кошкон салымын таанып, ошондой эле элеттик аялдардын социалдык статусун жогорулатуу үчүн экономикалык, социалдык, укуктук шарттарын мындан ары жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15 июнундагы
№363-токтомуна ылайык, 18-июнь күнү мамлекетибизде Элеттик аялдар күнү белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: