super.kg logo
  Саясат  

Чек ара кызматынын башкы штабында автоматташтырылган тутум ишке кирди

 

Бүгүн, 4-апрелде КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабында автоматташтырылган чек ара көзөмөл тутумунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага аталган кызматтын төрагасы Токон Мамытов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ катышты. “Кыргызстандагы чек араларды башкаруу тутумун автоматташтыруу” долбоору Япония өкмөтү тарабынан каржыланып, ага 1,5 миллион доллар бөлүнгөн. Жаңы долбоор КРнын чек арасын кесип өтө турган атуулдар тууралуу маалымат базасын түзүүгө, анын ичинде паспорттогу жана чек араны кесип өтүп жаткан кезиндеги атуулдун тартылып алынган сүрөтүн, документтерин  салыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Жакынкы аралыкта автоматташтырылган тутум 15 эл аралык көзөмөл өткөрүү бекеттеринде жана Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда орнотулмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: